"Жаңы жүз-билимдүү,күчтүү Кыргызстан!"

«Менин максатым — Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай аймактарында ишкердикти өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана жергиликтүү өндүрүштү колдоо аркылуу региондун киреше базасын кеңейтүү жана аймактардын бюджетин көбөйтүү»

s2b00011

Маек — миң сөздүн ордуна:

Токторов Мырзабек
№13
Элдик Лидерге добуш бериңиз!

 

Мен, Токторов Мырзабек Сарыевич,тажрыйбалуу менеджер жана коомго пайдалуу иштерди ар дайым колдогон коомдук ишкермин

Мен өзүмдүн жогорку кесипкөйлүгүмдү жана социалдык жоопкерчилигимди айкалыштырып, эл үчүн иштөөнү жашоомдун негизги багыты кылдым.

Жарандардын билим алышына, жаштардын өнүгүүсүнө жана муктаж үй-бүлөлөрдүн турмушун жакшыртууга багытталган көптөгөн демилгелерди ишке ашырып келем.

Мекенге кызмат кылуу — бул мен үчүн сөз эмес, иш менен далилденген жашоо принциби.

Кайрымдуулук иштерим аркылуу элдин ишенимин актай алганымды сыймык менен айтам.

s2b00292

ЭЛДИН ТАНДООСУ

Социалдык колдоо жана кайрымдуулук

Айылдагы мектеп, бала бакча, мечиттердин курулушуна демөөрчүлүк кылып, мигранттарга жана студенттерге колдоо көрсөтүп келем. Элге кызмат кылуу — мен үчүн эң чоң сыймык.

Таза жана ишенимдүү

Менин өмүр жолум таза жана ачык. Элдин ишенимин актоо — менин негизги максатым. Ар бир чечимимде элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, жоопкерчиликти толук өз мойнума алам.

Бизнес жана экономикалык өнүгүү

Ишкердикте топтогон тажрыйбамды өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жаштарга мүмкүнчүлүк берүүгө багыттайм.

Сөз эмес – иш менен далилденген жол

Айрымдар көп сүйлөйт, бирок менин принципим башка: сөзгө эмес, ишке таянуу. Менин аракетим — элге пайда алып келген конкреттүү иштер менен далилденген жол.

ПРОГРАММА

1.Кыргызстаныбыздын идеалогиясын түптөөгө салым кошуу.
Өлкөбүздөгү баардык тармактарды изилдеп, эл аралык, дипломатиялык, экономикалык, социалдык, стратегиялык жактарды эске алып Кыргызстаныбызды кучтүү, туруктуу дүйнөнүн алдыңкы мамлекетине айландыруу аруу-тилек максатым жүрөгүмдө жашап келет.

2.Саламаттыкты сактоо тармагы.
 Элибизди табигый тамак-аштарды гана пайдаланууга чакыруу, коомчулгубузда дени сак балдардын төрөлүшүнө шарт түзүү, бул тармакта башынан аягына чейин чоң өзгөртүүлөрдү киргизип, элибиздин саламаттыгын, бакубат жашоосун алдыга коюп иш алып баруу.

3.Билим берүү тармагы.
Кыргыз элибиздин ар бир жаранын билимдин эркиндигине чыгаруу, акыркы технологияларды эркин башкаруусуна, кыргыз,орус,кытай,англис тилдеринде сүйлөөго багыт берүү. Мектеп окуучулардын, мугалимдердин формаларын билим алууга ыңгайлаштыруу.
4.Миграция тармагы.
Мигранттарыбыздын көйгөйлөрү менен жеринде таанышып, эл аралык мамиледеги кызыкчылыктарды дагы эске алып, пайдалуу жагына чечүү. Албетте бул сфераны дагы терендетип изилдеп кынтыксыз иш алып баруу.

5.Экономика тармагы.
 Ата-мекендик табигый азыктардын өндүрүштөрүн көбөйтүү. Жаратылыш кен-байлыктарын жеке компаниялардан мамлекетке өткөрүү,экономикабызды турукташтырууга шарттарды түзүү.

6. Кадр маселеси.
Билимдуу адептуу, намыстуу, эмгекчил жарандарыбызды, чыгаан уул-кыздарыбызды адистиктерине жараша жумуштарга орноштуруп өлкобүздү өнүктүрүүгө салым коштуруу. Бул тармакка өзгөчө көнүл болуу себеби, потенциалдары ачылбай көмүскөдө калгандар бар.

Коомдук жана кайрымдуулук иштерим

Менин позициям

Менин жашоо позициям — өз элиме кызмат кылуу, билимимди, тажрыйбамды жана мүмкүнчүлүктөрүмдү Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн жумшоо. Кыргыз элинин намысы жана аброю үчүн мен эч качан принциптеримден тайган эмесмин жана мындан ары да бул позициямдан эч качан кайтпайм.

Өлкөбүздүн жаркын келечегине терең ишеним менен, мен Кыргыз Республикасынын учурдагы Президентинин курсун улантууга, анын демилгелерин колдоого жана коюлган амбициялуу максаттарга жетүү үчүн бардык күч-аракетимди жумшоого даярмын. Мен терең ишенем: биз ар бир жарандын биригүүсү, эмгеги жана жоопкерчилиги менен гана Кыргызстанды күчтүү, өнүккөн жана кадыр-барктуу мамлекетке айландыра алабыз, аны менен бүткүл дүйнө сыймыктанат.

231

Талапкер жөнүндө пикирлер

Жаңылыктар

Проект повестки дня заседания ЦИК КР на 11 ноября 2025 года

Проект повестки дня заседания ЦИК КР на 11 ноября 2025 года

 11 ноября 2025 Дата проведения: 11 ноября 2025 г. Время:17:00 Место проведения: зал заседаний (докладчик – Берикбаева К.К., начальник управления организации избирательного процесса) (докладчик...
Читать далее→

Көп берилүүчү суроолор

Мырзабек Токторов деген ким ?

Токторов Мырзабек Сарыевич — эл ичинен чыккан, эмгек менен ийгиликке жеткен, жоопкерчиликтүү инсан. Жеке ишкер жана меценат деп эл тааныйт. Ал 1983-жылы Ош облусунун Алай районунун Кичи-Каракол айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Жогорку билимдүү, Ош мамлекеттик университетинин «Бизнес жана менеджмент» факультетин бүтүргөн.
Көп жылдар бою ишкердик тармагында эл аралык деңгээлде иш алып барып, Кытай, Россия, Казакстан жана Кыргызстанда тажрыйба топтогон. Өз тажрыйбасын эми мамлекеттин өнүгүүсүнө арноону чечкен

Анткени мен ишенимди сөз менен эмес, иш менен актап келдим. Жол салдым, бала бакча, мектептерге жардам бердим, муктаждарга кол сундум. Мен элден чыккам, эл үчүн иштейм.

Элдин үнүн бийликке жеткирүү үчүн. Кагаздагы убада эмес, иш жүзүндөгү чечимдер үчүн.

Мырзабек Сарыевич көп жылдан бери коомдук жана кайрымдуулук иштерди жүргүзүп келет:

  • Кичи-Каракол айылындагы бала бакча, мектеп, мечит жана жол курулуштарына демөөрчү болгон;

  • COVID-19 учурунда балдарга ноутбук, телефон жана интернет менен жардам берген;

  • Баткен окуялары учурунда да элге активдүү жардам көрсөткөн;

  • «Токторов Сары» кайрымдуулук фонду аркылуу муктаж үй-бүлөлөргө жана ооруканада дарыланган жарандарга колдоо көрсөтүп келет;

  • Россиядагы кыргыз мигранттарына жардам берип, ишке орношууга жана билим алууга шарт түзгөн.

Табигый өндүрүштү колдоп, таза экономика түзүү менен. Билимдүү кадрларды тарбиялап, ар бир тармакка иштин ээсин коюу аркылуу.

 

Мен мигранттын турмушун өз көзүм менен көргөм. Ошондуктан алардын укугун коргоп, мекенине кайтып келгендерге жумуш ордун түзүү — менин негизги багытым.

Кыргызстанды күчтүү, туруктуу, биримдиктүү мамлекетке айлантуу. Ар бир жарандын укугу, жашоосу жана келечеги корголгон өлкө куруу