ӨМҮР БАЯН
ӨМҮР БАЯН
Ар бир адамдын жашоо жолу өзүнүн төрөлгөн жеринен, ата-энесинин тарбиясынан башталат. Менин өмүр жолум да Алайдын кооз тоолорунан, эмгекти жана боорукердикти баалаган Кичи-Каракол айылынан башталган. Ошол жерден мен мекенге болгон сүйүүнү, элге кызмат кылуунун баалуулугун үйрөндүм.
Мен, Токторов Мырзабек Сарыевич, 1983-жылдын 27-июнунда Ош облусунун Алай районунун Кичи-Каракол айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө туулгам. Үй-бүлөдө сегиз бир тууганбыз — төрт уул жана төрт кыз. Баарыбыз жогорку билимге ээбиз. Мен үй-бүлөдө бешинчимин.
Билими
- 1990–2000-жылдары Кичи-Каракол айылындагы III Интернационал атындагы орто мектепте билим алдым.
- 2001–2006-жылдары Ош мамлекеттик университетинин «Бизнес жана менеджмент» факультетинде жогорку билимге ээ болдум.
Эмгек жана ишкердик тажрыйбасы
- Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин 2007–2018-жылдар аралыгында Кытай, Россия, Казакстан жана Кыргызстан мамлекеттеринде өткөрүлгөн эл аралык форумдарга катышып, ар түрдүү тармактарда ишкердик менен алектендим.
- 2022-жылдан тартып WILDBERRIES жана OZON маркетплейстеринде ийгиликтүү иш жүргүзүп келе жатам.
Коомдук жана кайрымдуулук ишмердүүлүгү
Мен үчүн ийгилик – бул өз элиңе, жериңе пайда алып келүү. Ошондуктан коомдук жана кайрымдуулук иштерине дайыма активдүү катышып келем.
- Россияда жана Кыргызстанда өткөн маданий, спорттук жана коомдук иш-чараларга демөөрчүлүк көрсөтүп, уюштуруучулук жактан жардам берип келем.
- Россиядагы кыргыз мигранттарына жана студенттерге моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүп, ишке орношууга, бизнес ачууга жана туура кесип тандоого көмөк көрсөтүп келем.
- 2018–2025-жылдар аралыгында өз айылым Кичи-Караколдогу бала бакчага, мектепке, айыл өкмөтүнө жана мечиттердин курулушуна демөөрчүлүк кылдым.
- Алай районундагы «Токторов Сары» кайрымдуулук фонду аркылуу муктаж үй-бүлөлөргө жана оорулуу жарандарга жардам берип келем.
- Москвадагы «Алай коому» деген фондко ативдуу жардам берип келе жатам.
- 2020-жылдагы COVID-19 пандемиясы учурунда айылдагы мүмкүнчүлүгү чектелүү окуучуларга онлайн билим алууга шарт түзүп, уюлдук телефондор, ноутбуктар, принтер жана интернет менен камсыздадым.
- Баткен окуялары учурунда активдүү жардам көрсөткөм.
- Кичи-Каракол айылынан Өрдөш жайлоосуна чейин жолду оңдогон
- «Алымбек Датка Атабыздын 225 жылдык мааракесине» активдүү катышып, демөөрчүлөрдүн бири болдум.
- Социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк, кийим-кече, окуу куралдары жана кыш мезгилинде көмүр түрүндө жардам берип келем.
- Ошондой эле оор операцияга муктаж болгон жарандарга финансылык колдоо көрсөтүп келем.
Сыйлыктар жана ыраазычылык баракчалар
Эл жана мамлекет алдындагы эмгегим үчүн төмөнкү мекемелерден ыраазычылык баракчалары менен сыйландым:
- №12 «Кичи-Каракол» бала бакчасы;
- Токтомамат Жумабаев атындагы №15 орто мектеби;
- Уч-Дөбө айыл өкмөтү;
- Алай райондук мамлекеттик администрациясы;
- Ош облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы.
Үй-бүлөлүк абалы
Үй-бүлөлүүмүн. Жубайым — Ырсалиева Элнура Толоновна. Төрт баланын ата-энесибиз
